Bozui_Kyrgyzstan

Bozui_Kyrgyzstan Изготовление ЮРТЫ всех видов и размеров Доставка и уст

Этномаданий форматта конок тосуу, делегаттарды кабыл алуу, той-аштар жана кыз узатуу сыяктуу иш-чараларда нукура боз үйл...
28/11/2025

Этномаданий форматта конок тосуу, делегаттарды кабыл алуу, той-аштар жана кыз узатуу сыяктуу иш-чараларда нукура боз үйлөрдү тигүү, жасалгалоо жана «Кыргыз айылы» стилиндеги аянттарды уюштуруу боюнча кызматтар керек болсо, бизге кайрылсаңыздар болот.

📞 +996 700 91 48 79
📞 +996 700 41 10 11

Бостери баатырдын 400 жылдык тоюу.Боз үйлөрдү тигип, өз салымыбызды коштук.   #бозүй
01/06/2024

Бостери баатырдын 400 жылдык тоюу.

Боз үйлөрдү тигип, өз салымыбызды коштук.


#бозүй

Тоң районунун Кызыл-Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” кароо-сынак фестивалы өттү Салтанаттуу иш- чарага Кы...
17/07/2023

Тоң районунун Кызыл-Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” кароо-сынак фестивалы өттү

Салтанаттуу иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Байышбек Астанакулов, бир катар коомдук жана маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар катышты.

Иш- чаранын ачылышы манасчылардын манас айтуусу менен башталып, андан соң расмий бөлүк орун алды.

Иш- чарага катышкан министрдин орун басары Айнура Аскарова салттуу улуттук маданиятты даңазалган иш- чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин көөнөргүс бай маданиятын сактоого өз салымдарын кошуп, эзелки кол өнөрчүлүктүн өзөктүү билимдерин, өнөр ыкмаларын, боз үй жасоодогу салттуу билимдерди үзбөй жаш муундарга үйрөтүп келе жаткан салымдары үчүн, Кызыл-Туу айылынын тургундары боз үй жасаган жыгач усталар, Саалы Калыков, Бектемир Асангулов, Бектурсун Сыдыков сындуу усталарга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.

Андан соң, иш- чаранын маданий бөлүгү расмий коноктор, кол өнөрчүлөр жана боз үйчүлөрдүн катышуусунда түндүк көтөрүү жөрөлгөсү менен уланды.

Фестивалдын алкагында концерттик программа, салттуу кийим көргөзмөсү, салбуурун, ат оюндары, кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча мастер класстар өтүп, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин көргөзмө-жарманкеси менен коштолду.

Аталган фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Тоң райондук Мамлекеттик администрациясы, Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши, Кызыл-Туу боз үйчүлөр айылы менен биргеликте уюштурулду.

“ БОЗ ҮЙ-БАБАЛАРДАН МУРАС” аталышындагы ТӨКМӨ АКЫНДАРДЫН АЙТЫШЫ “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” эл аралык кароо-сынак...
13/07/2023

“ БОЗ ҮЙ-БАБАЛАРДАН МУРАС” аталышындагы ТӨКМӨ АКЫНДАРДЫН АЙТЫШЫ “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” эл аралык кароо-сынак фестивалынын алкагында өтөт

2023-жылдын 15-16-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун, Тоң районуна караштуу Кызыл -Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” эл аралык каро-сынак фестивалы өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук маданий борбору, Тоң райондук Мамлекеттик администрациясы, Ак-Терек айыл аймагынын өкмөтү жана айылдык кеңеши, Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши, Кызыл-Туу боз үйчүлөр айылы менен биргеликте өткөрөт.
kg

Боз үйлөрдүн мекени Ысык-көл облусунун Кызыл -Туу айылында  “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” эл аралык кароо-сынак фес...
13/07/2023

Боз үйлөрдүн мекени Ысык-көл облусунун Кызыл -Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт

2023-жылдын 15-16-июль күндөрү Тоң районуна караштуу Кызыл -Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” аталышындагы эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук маданий борбору, Тоң райондук Мамлекеттик администрациясы, Ак-Терек айыл аймагынын өкмөтү жана айылдык кеңеши, Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши, Кызыл-Туу боз үйчүлөр айылы менен биргеликте өткөрүүдө.

Фестиваль боз үй жасоодогу салттуу билимдерди, кол өнөрчүлүктү жайылтуу, аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу, аймактар арасындагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу максатын көздөйт. Иш - чаранын алкагында маданий бөлүк катары концерттик программа жана төкмө акындар арасында “Боз үй мурас бабалардан” аталышындагы акындардын сынагы орун алат.

Фестиваль кароо-сынак 7 багыт боюнча өткөрүлөт:

- “Кан боз үй”;
- “6 канат боз үй”;
- “Тарыхый жасалгалуу боз үй”;
- “Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү”;
- “Шамдагай – кыз келиндер арасында боз үйдү тез чечүү”;
- “Тал аарчуу”;
- “Чий согуу” багыттары;

Сынактардын бекитилген жобосуна ылайык, ага түрк тилдүү элдердердин өкүлдөрү, өлкө аймагындагы облус жана шаарлардын кол өнөрчүлөрү, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер ж.б. каалоочулар катыша алышат. Катышуучулар 2023- жылдын 14-июль күнү кечки саат 18:00гө чейин бул шилтемеге кирип, https://forms.gle/MRANc5PCTBGtgvSv9 катталуусу шарт.

Сынактын шарттары:

“Кан боз үй” кароо-сынагы:
- “Кан боз үй” кароо-сынагына 100 баш боз үй тигилүүсү шарт;
- боз үйдүн сөөгү жана ички, тышкы жасалгалары менен толук болушу керек.

“6 канат боз үй” кароо-сынагы:

- “6 канат боз үй” кароо-сынагына 80 баштуу боз үйлөр тигилет;
- боз үйдүн сөөгү жана ички, тышкы жасалгалары менен толук болушу шарт.

“Тарыхый жасалгалуу боз үй” кароо-сынагы:

- Боз үйдүн көлөмүнө чектөө жок жана анын сөөгүнө бир кылым же андан ашык болушу шарт;
- Ички, тышкы жасалгалары менен толук сакталган боз үй калыстар тобу тарабынан эске алынат.

“Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү” кароо-сынагы:

- жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү сынагына тигилүүчү боз үй 70 баш салттуу кыргыз боз үйү жана тайпада 6 жигит болуусу шарт;
- Толук боз үйдү тигип бүткөн тайпа калыстар тобуна маалымат берип, убактысы жазылат;
- боз үйдүн жабдыктары жетишсиз, боолору байланбай, уук толук сайылбаса же уук түшүп кеткен болсо же жабдыктары кичинекей болгон учурда эсеп кемитилет;
- тигилген боз үйдүн көлөмү 5,5 метр болушу керек;
- боз үйдү ыкчам жана туура тиккенине жараша калыстар тобу акыркы чечимди чыгарат;

“Шамдагай – кыз-келиндер арасында боз үйдү тез чечүү” кароо-сынагы:

- Кыз-келиндер арасында боз үйдү тез чечүү кароо-сынагына катышуучу тайпада 5 кыз 1 жигиттен туруусу шарт;
- чечилүүчү боз үй 70 баш болушу керек;
- Жигит түндүктү гана кармап, башка ишке аралашпайт;
- Кыздар боз үйдү толук чечип, ууктарын төрт таңгакка бөлүп, үзүк, туурдуктарын бүктөп -таңып, бир жерге жыйнап, түндүк бастырылгандан кийин убакыт калыстар тобу тарабынан эсепке алынып, убактысы катталат;
- жигит боз үйдүн жабдыктарын чечүүгө катышса, тайпанын упайы кемитилет;

“Тал аарчуу” кароо-сынагы:

- Тал аарчуу кароо-сынакка баардык каалоочулар катыша алат;
- сынакка катышуучулардын тал аарчууга керектүү өздүк шаймандары (теси) болушу шарт;
- ар бир катышуучу 5 метр болгон талдан 10 даананы аарчып бүтүрүшү милдеттүү жана талдын таза жана тез аарчылышы эске алынат.
- катышуучулар, сынакта аарчылуучу талдарды өздөрү алып келет.

“Чий согуу” кароо-сынагы:

- сынакка чий сокконду билген адамдар катыша алат;
- ар бир катышуучунун чий согууга керектүү шаймандары (станок), чыйратылган жиптери, түстүү жүндөрү жана чийлери өзүнүкү болуусу шарт;
- согулуучу чийдин эскизи уюштуруучулар тарабынан берет;
- чийди согууда эриш жиптердин аралыгы 6-8 см, чийдин туурасы 1,20 см жана узундугу 1,50 см болушу шарт;
- чий согууга 4 саат убакыт берилет;
- берилген тапшырманы (эскизди) толук, так, түстөрүн туура айкалышы жана жиптердин жыш жайгашыш эске алынат.

Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланат.

Шарттары жана эскертүү
- Катышуучулардын жол киреси жөнөтүлгөн тараптан каржыланат;
- катышуучулар кароо-сынактарга керектүү шаймандарын жана тал, жүн, чий, жиптерин өздөрү камсыздайт;
- кароо-сынак фестивалдын катышуучуларынын жатаканасы, тамак-ашы тосуп алган тараптан каржыланат.
- Синтетикалык буюмдарды колдонууга тыюу салынат.

Өтүү убактысы: 15-16-июль, саат: 10:00.

Дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Тоң райнону, Кызыл-Туу айылы
Байланыш үчүн: е-mail: [email protected]
Тел.: +996 700 411 011, +996 700 394 041

Боз үйлөр сатыкта жана ижарага беребиз!Тел: 0700411011        0990411011
17/05/2023

Боз үйлөр сатыкта жана ижарага беребиз!
Тел: 0700411011
0990411011

Чуңкурчак жайлоосунда тарыхый ишмер Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси өттүМаарекенин алкагында уюштурулган “Ынтымак”...
01/09/2022

Чуңкурчак жайлоосунда тарыхый ишмер Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси өттү

Маарекенин алкагында уюштурулган “Ынтымак” фестивалында боз үйдү тез тигүү боюнча сынакта “75 баш боз үйдү” 8:30 (сегиз мүнөт отуз секунда) тигип биринчи оорунду алдык.

Боз үйдү тез тигүү боюнча жалпы 8 команда катышты.

#1 оорунду Ысык Көл облусунун “Кызыл Туу боз үйчүлөр айылы” командасы жеңди

2-оорун Ош облусу
3-оорун Жалал Абад облусу

31-августта, Чүй облусунун Аламүдүн рцайонундагы Чуңкурчак жайлоосунда йкөрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

*****

На джайлоо Чункурчак состоялось празднование 200-летия исторического деятеля Байтика баатыра

В рамках мероприятий прошел фестиваль «Ынтымак», по скоростному сбору юрта мы стали чемпионами соборов за 8:30

31 августа, на джайлоо Чункурчак Аламединского района Чуйской области прошли торжественные мероприятия в честь 200-летия видного политического деятеля Байтика Каная уулу (Байтика баатыра).

Кылым каарыткан Кыргыз боз үйлөрү
09/11/2021

Кылым каарыткан Кыргыз боз үйлөрү

Биздин команда Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата иш-чарада мастер класс көргөздүк.Бүткүл дүйнөлүк туризм ...
26/09/2021

Биздин команда Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата иш-чарада мастер класс көргөздүк.

Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган эл аралык аренада туризмди өнүктүрүү тарыхында алгачкы жолу “Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021” аттуу Биринчи Ири Аймактык туристтик Форумду жана “Кыргызстан Улуу Жибек жолунун бутактарында” аттуу Биринчи Ири туристтик көргөзмө-жарманке 2021-жылдын 26-27 сентябрында Ош шаарынын борбордук аянтында өтүүдө

Дүйнө элдеринин эпосторунун VI Бүткүл дүйнөлүк фестивалынын ачылышында.Дүйнө элдерининин биригүү максатында түндүк көтөр...
24/09/2021

Дүйнө элдеринин эпосторунун VI Бүткүл дүйнөлүк фестивалынын ачылышында.

Дүйнө элдерининин биригүү максатында түндүк көтөрдүк.

Түркөйлөрдүн астында тизээ бүкпөй. Түндүгүңдүн алдына, бирик кыргыз.


Түндүктү министирибиз көтөрдү

#бозүй

 #репост  📍Нарынская обл .Ак-Сайская долина Юрта «Боз Уй» занимает важное место в традиционной жизни кыргызов. Частые пе...
15/09/2021

#репост
📍Нарынская обл .Ак-Сайская долина

Юрта «Боз Уй» занимает важное место в традиционной жизни кыргызов. Частые переселения, миграция на плато летом, а в холода - на зимовку, а также постоянный поиск плодородных земель и пригодных территорий для животноводства вызвали необходимость использования у кыргызов «Боз Уй».

Его особенности, такие как сохранение тепла зимой и прохлады летом, а также простота установки и сбора, повысили популярность использования среди всего народа.

«Боз Уй» имеет тысячелетнюю историю. Тот факт, что при его строительстве не используются никакие другие материалы, кроме дерева, шкуры животных и войлока, считается доказательством того, что история этой юрты восходит к древним временам.

Конструкция «Боз Уй» очень сложна. Каркас из дерева изготавливают мужчины, а войлочные покрывала - женщины. Скелетная часть состоит из материалов, которые кыргызы называют «кереге», «уук» и «тундюк».

В то время как «кереге» составляет стену юрты, купол образует «уук». «Тундук» наверху палатки считается важнейшей частью «Боз Уй». Он символизирует необъятную вселенную. Передний план юрты «Боз Уй», открывающийся дневному свету, также является дымоходом палатки, одним из символов на флаге Кыргызстана.

Несмотря на оседлый образ жизни, «Боз Уй» до сих пор широко используется в стране и является одним из самых необходимых атрибутов нации.

«Боз Уй» внесен в Список нематериального культурного наследия ЮНЕСКО.

Келечекте урпагыбыз кышта тоңбогой деп, жазда жамгырда калбагай деп....жайда ысык өтпөгөй деп, күздө шамалдабагай деп кы...
04/09/2021

Келечекте урпагыбыз кышта тоңбогой деп, жазда жамгырда калбагай деп....жайда ысык өтпөгөй деп, күздө шамалдабагай деп кыргыз ата менен кыргыз эне ушул боз үйдү бизге мурас калтырыптыр.

Айкөл ата-бабаларыбыз.

📍капчыгай Кара-Коюн Нарын облусу Ат-Башы району

Фото

Address

Bishkek

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Bozui_Kyrgyzstan posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Bozui_Kyrgyzstan:

Share