23/05/2024
Урматтуу Кыргызстандын жарандары!
Акыркы убактарда болгон окуялар биздин коомубуздун ынтымагына жана биримдигине чоң сыноо болуп жатат. Пакистандык досторубузга карата болгон зомбулук биздин баалуулуктарга жана ар намыска туура келбейт.
Бул окуялардын кесепетинен тигүү цехтеринин иши токтоп, 6000-7000 адам иш ордун жоготуу коркунучунда турат. Зомбулук маселени чечпейт, ал болгону терс таасирин гана тийгизет.
Биздин милдетибиз – тынчтыкты, ынтымакты жана урматтоону сактоо.
Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн биримдикте жашайлы!