Osh Business Association OBA

Website

Osh Business Association OBA БИЗНЕС АССОЦИАЦИЯ
БИЗНЕС АЯНТЧА🤝🏻
🔸Жаратмандар менен бирге бол!
📌Маалымат үчүн👇🏻
📞 0558 090973

“Алдыдагы 5 жылда ишкерлер эмнелерге даяр болушу керек: мүмкүнчүлүктөр, тобокелдиктер жана кыйынчылыктар” темасында плен...
23/09/2026

“Алдыдагы 5 жылда ишкерлер эмнелерге даяр болушу керек: мүмкүнчүлүктөр, тобокелдиктер жана кыйынчылыктар” темасында пленардык талкуу ✅

Модератор: Умбриэль Темиралиев
Спикерлер:
• Оморбек Торобаев - Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары,
• Айбек Сарыгулов - UBS Транзит компаниясынын төрагасы,
• Рахматулла Мадазимов - “Ак Кеме” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү,
• Жодар Сайдилкан - “Novotel” мейманканасынын негиздөөчүсү

Алдыдагы бизнес атмосфера кызык болсо, эртең форумга келиңиз.

Сизди  OSH INVEST FORUM 2026 инвестициялык форумунда күтөбүз.Бул — Ош шаарында биринчи жолу уюштурулуп жаткан инвестиция...
23/09/2026

Сизди OSH INVEST FORUM 2026 инвестициялык форумунда күтөбүз.

Бул — Ош шаарында биринчи жолу уюштурулуп жаткан инвестициялык форум.

Форумда Сизди жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, баалуу инсайттар, реалдуу бизнес-кейстер жана жаңы өнөктөштөр менен пайдалуу нетворкинг күтөт.

Сиздин катышууңуз биз үчүн өзгөчө маанилүү.

📅 24-сентябрь | 🕘 09:00
📍 Jannat Hotel, Ош

Ушул гугл форма аркылуу катышуу үчүн шапка профилде гугл ссылканы басыңыз

Бизнесиңиз өсүп жатат, бирок кийинки кадам кайсы экенин билбей жатасызбы?Инвестиция керекпи? Өнөктөш керекпи? Жаңы рынок...
22/09/2026

Бизнесиңиз өсүп жатат, бирок кийинки кадам кайсы экенин билбей жатасызбы?
Инвестиция керекпи? Өнөктөш керекпи? Жаңы рынокко чыгуу керекпи? Же жеңилдетилген каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн толук билбей жатасызбы?

24-сентябрда Osh Invest Forum 2026 сахнасында бул суроолор теория менен эмес, реалдуу тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөр аркылуу талкууланат.

Инвестиция тартуу, фондулук рынок, өнөктөштүк, франшиза, эркин экономикалык аймактар жана жылдык 2% менен насыя алуу мүмкүнчүлүктөрү — бир жерде.

Бизнесиңиздин кийинки өсүү чекитин издеп жатсаңыз — бул форумду өткөрүп жибербеңиз.

📍 Ош шаары
📅 24-сентябрь
🎟 Катышуу үчүн азыр катталуу үчүн шапка профилде гугл форманы толтуруңуз.

ОБА РЕЗИДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ 🥳Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан ишкерлер сыйланышты. Иш...
21/09/2026

ОБА РЕЗИДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ 🥳

Ишкерлер күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан ишкерлер сыйланышты.

Ишкерлик - бул жөн гана киреше табуу эмес, экономиканын кыймылдаткыч күчү. Сиздерди сыйлыгыңыздар менен куттуктап, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

Толкун Турсуналиев, ардак грамота;
Мира Меңдибаева, ардак грамота;
Фарух Исмаилов, ардак грамота;
Каныкей Омурбекова, ыраазычылык кат;
Венера Шамырзаева, ыраазычылык кат;
Усөнов Азиз, ыраазычылык кат;
Асамидин Муратов, ыраазычылык кат;
Сейтек Абдикалиев, ыраазычылык кат.

Толкунбек Турсуналиеев
Faruhbek Ismailov


#ишкер
#сыйлык
#сыймык

Урматтуу ишкерлер, Сиздерди Ишкерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!* Бүгүн өз ишине ишенип, күн сайын эмгек кылып...
20/09/2026

Урматтуу ишкерлер, Сиздерди Ишкерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!*

Бүгүн өз ишине ишенип, күн сайын эмгек кылып, жаңы нерсе жаратып келе жаткан бардык ишкерлердин күнү. Ар бир иштин артында чоң эмгек, аракет жана ишеним турат. Ошол эмгегиңиздер бааланып, ишиңиздер берекелүү болсун.

Ар дайым жакшы адамдар, ишенимдүү өнөктөштөр жолугуп турсун. Баштаган ишиңиздер өсүп, ийгилигиңиздер жакындарыңыздарга, коомго жана өлкөгө пайда алып келсин. Ишкерлер күнү кут болсун! 🤍

Айбек Жамангулович Сарыгулов — кыргызстандык ишкер жана авиациялык жүк ташуулар тармагындагы белгилүү ишмер. Ал «UBS Tra...
17/09/2026

Айбек Жамангулович Сарыгулов — кыргызстандык ишкер жана авиациялык жүк ташуулар тармагындагы белгилүү ишмер. Ал «UBS Transit» компаниясынын төрагасы жана Соода-өнөр жай палатасынын транспорт жана логистика комитетинин төрагасы болуп эмгектенет.

Ал жүк авиатранспорту тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашырып, бул тармактын ички процесстерин терең түшүнгөн эксперт катары таанылат. Ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып, ар кандай байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк кошуп келет.

Айбек Сарыгулов 2026-жылдын 24-сентябрында Ош шаарында өтүүчү панелдик сессиянын спикери.

Умбриэль Темиралиев — “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы директору, инвестициялоо тармагындагы мыкты эксперттер...
15/09/2026

Умбриэль Темиралиев — “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы директору, инвестициялоо тармагындагы мыкты эксперттердин бири.

Темиралиев көп жылдык тажрыйбасы менен инвестициялык фонддорду башкаруу, капиталды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду баалоо боюнча терең билимге ээ. .

Анын инвестициялык тармактагы тажрыйбасы жана аналитикалык мамилеси конкреттүү маселелерди тереңдетип талкуулоого жана катышуучулар үчүн практикалык баалуулугу бар пикир алмашуу түзүүгө мүмкүндүк берет.

Умбриэль Темиралиев — «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын башкы директору, инвестициялоо тармагындагы мыкты эксперттер...
15/09/2026

Умбриэль Темиралиев — «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын башкы директору, инвестициялоо тармагындагы мыкты эксперттердин бири.

Темиралиев көп жылдык тажрыйбасы менен инвестициялык фонддорду башкаруу, капиталды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду баалоо боюнча терең билимге ээ.

Анын инвестициялык тармактагы тажрыйбасы жана аналитикалык мамилеси конкреттүү маселелерди тереңдетип талкуулоого жана катышуучулар үчүн практикалык баалуулугу бар пикир алмашуу түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мээрим Аскарбекова“Сенти” Каржы компаниясынын Директору, Өнөктөшү.Баалуу кагаздар рыногунда 18 жылдык тажрыйба.Кыргыз Фо...
08/09/2026

Мээрим Аскарбекова
“Сенти” Каржы компаниясынын Директору, Өнөктөшү.
Баалуу кагаздар рыногунда 18 жылдык тажрыйба.
Кыргыз Фондулук биржасынын, Борбордук Депозитарийдин Директорлор Кеңешинде иштеген тажрыйба — 6 жылдан ашык.

Микрокаржы компаниясында Директорлор Кеңешинин көз карандысыз мүчөсү.
КДП (Көз карандысыз Директорлордун Палатасы) мүчөсү.
Сенти командасы менен бирге облигациялык карыз рыногун жана жалпы эле КР фондулук рыногун түптөп, өнүктүрүп келе жатат.
КР калкынын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча көп жылдык тажрыйба.

Ички компанияларга баалуу кагаздарды чыгарууда “ачкыч түрүндө” коштоо боюнча 70тен ашык кейс.

Address

Alymbek Datka Street
Osh
723500

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Osh Business Association OBA posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share