29/07/2024
🔹”Тез-Экспорт” акселерациялык программасынын катышуучулары үчүн
экспортту көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын
мамлекеттик колдоо чараларына арналган жыйынтыктоочу онлайн иш-чарабызды өткөрдүк.
🔹 Иш-чарага:
- «Тез-Экспорт» программасынын катышуучулары
- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү
- USAIDдин “Агросоода” долбоорунун эксперти Валид Элтахан
— Химиялаштыруу жана органикалык айыл-чарба бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү
- «Умай Групп» ЖЧКсы катышышты.
📌 Эркин соода зоналары боюнча макулдашуулар, жашыл коридор түзүү жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк институттары менен өз ара аракеттенүү сыяктуу экспортерлорду колдоо механизмдери жана “Тез-Экспорт» программасын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары талкууланды.
📌 Эксперт Валид Элтахан БАЭ рыногуна чыгуу боюнча сунуштарын берип,
кеңештери менен бөлүштү.
📌 «Умай Групп» ЖЧКсы «Глобус», «Народный» жана «Достор» маркеттеринде
продукцияларды көрсөтүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн
талкуулашты.
____________________________________
Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен жарыяланды. Бул басылманын мазмуну үчүн DevCIT окуу борбору жооптуу, ал сөзсүз эле USAIDдин же АКШ өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт