28/05/2026
#ЖАҢЫЛЫКТАР | БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫ: ЖАҢЫЛАНУУНУН ЖАҢЫ БАРАГЫ
🔶Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кумтөр ишканасынын Балыкчы өткөөл базасына барып, андагы модернизациялык иштердин жүрүшү менен таанышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасына базанын өндүрүштүк жана техникалык инфраструктурасын жаңылоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жүргүзүлүп жаткан модернизация Кумтөр ишканасынын өндүрүштүк натыйжалуулугун жогорулатууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана жүк ташуунун ылдамдыгын арттырууга багытталган.
Адылбек Касымалиев базаны модернизациялоо иштери экономикабыздын флагманы болгон Кумтөр ишканасынын туруктуу иштөөсү үчүн маанилүү ролду ойной турганын белгилеп, мындай долбоорлорду өз учурунда жана сапаттуу бүтүрүү абдан маанилүү экендигин кошумчалады.
Маалымат үчүн:
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Балыкчы өткөөл базасы Балыкчы шаарынын түштүк-батыш тарабында, Балыкчы - Нарын унаа жолунун боюнда жайгашкан. База Кумтөр кен жайынын туруктуу ишмердүүлүгү үчүн логистикалык чоң мааниге ээ.
Өткөн жылы базанын аймагында модернизация иштери башталган. Анын алкагында мунай сактоочу жаңы резервуарлар орнотулуп, алардын сыйымдуулугу 12 400 куб метрден 32 000 куб метрге чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле базанын 1,2 гектар аянты көрктөндүрүлүп, иретке келтирилди.
___________________
#НОВОСТИ | ПЕРЕВАЛОЧНАЯ БАЗА БАЛЫКЧЫ: НОВЫЙ ЭТАП ОБНОВЛЕНИЯ
🔶Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики – Руководитель Администрации Президента Кыргызской Республики Адылбек Касымалиев посетил Балыкчинскую перевалочную базу «Кумтор Голд Компани», где ознакомился с ходом проводимых работ по модернизации.
Председателю Кабинета Министров была представлена подробная информация о текущей работе по обновлению производственной и технической инфраструктуры базы.
Проводимая модернизация направлена на повышение производственной эффективности «Кумтор Голд Компани», снижение логистических издержек и увеличение скорости грузоперевозок.
Адылбек Касымалиев отметил, что модернизация базы играет важную роль в обеспечении стабильной работы рудника Кумтор, являющегося флагманом нашей экономики.
Справочно:
Балыкчинская перевалочная база закрытого акционерного общества «Кумтор Голд Компани» расположена вдоль трассы Балыкчы - Нарын в юго-западной части города Балыкчы.
В прошлом году на территории базы началась модернизация, в рамках которой уже установлены новые резервуары для хранения топлива с увеличением их вместимости с 12 400 куб. м. до более чем 32 000 куб. м., а также проведено благоустройство территории базы на площади 1,2 га.
@подписчики @топовые поклонники Кыргыз Өкмөтү