Бизнес Ассоциация JIA

Бизнес Ассоциация JIA Ийгиликтүү ишкер - Өнүккөн өлкө!
Успешный предприниматель - Развитая страна!

JIA Бизнес Ассоциациясынын Жашыл экономика боюнча комитетинин төрагасы Kuanych Alimov Экономикалык кызматташтык жана өнү...
05/08/2026

JIA Бизнес Ассоциациясынын Жашыл экономика боюнча комитетинин төрагасы Kuanych Alimov Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (OECD) тарабынан уюштурулган «Борбор Азиядагы бизнес-климат, санариптештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу: Кыргыз Республикасынын жеке секторунун көз карашы» аттуу изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоо иш-чарасына катышты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, эл аралык уюмдардын жана жеке сектордун өкүлдөрүн бириктирди. Катышуучулар Кыргызстандагы бизнес-климаттын учурдагы абалы, ишканалардын санариптешүү деңгээли, жасалма интеллект технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана бул багыттагы негизги чакырыктар боюнча пикир алышты.

Талкуунун жүрүшүндө чакан жана орто бизнести колдоо, жөнгө салуучу чөйрөнү өркүндөтүү, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулугунун өз ара кызматташтыгын күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. OECD тарабынан даярдалып жаткан изилдөөнүн жыйынтыктары келечекте ишкердикти өнүктүрүү жана өлкөнүн санариптик трансформациясы боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөрү белгиленди.

JIA Бизнес Ассоциациясы жеке сектордун үнүн угузууга, ишкерлер үчүн жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүүгө жана өлкөдө инновацияларды жайылтууга багытталган мындай диалог аянтчаларын мындан ары да колдоону улантат.

On 9 July 2026, the Organisation for Economic Cooperation and Development (OECD) organised a workshop in Bishkek to present the preliminary findings of the project Business Climate, Digitalisation and AI Uptake in Central Asia: Insights from the Private Sector of the Kyrgyz Republic. The event was o...

Германиядагы иш сапарынын алкагында JIA Бизнес Ассоциациясынын Башкаруу Кеңешинин төрайымы Гульнара Сатыбалдиева Кыргыз ...
22/06/2026

Германиядагы иш сапарынын алкагында JIA Бизнес Ассоциациясынын Башкаруу Кеңешинин төрайымы Гульнара Сатыбалдиева Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, инвестицияларды тартуу жана бизнес ассоциациялардын ролу боюнча пикир алмашуу болду.

Ошондой эле Германиядагы социалдык өнөктөштүк боюнча программа тууралуу маалымат берилип, Кыргызстанда социалдык диалогду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

JIA Германиядагы өнөктөштөр жана мамлекеттик институттар менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги менен кызматташууну тыгыз иштешүү ниетин билдирди.

Делегация во главе с председателем Правления Бизнес Ассоциации JIA Гульнарой Сатыбалдиевой и председателем Федерации про...
20/06/2026

Делегация во главе с председателем Правления Бизнес Ассоциации JIA Гульнарой Сатыбалдиевой и председателем Федерации профсоюзов Кыргызской Республики Мурадилом Джумадилде уулу провела заключительную часть рабочего визита в Германии в городе Берлин.

В рамках визита делегация посетила Бундестаг Германии и встретилась с представителем Германо-Центральноазиатской парламентской группы, референтом по Центральной Азии Андре Новаком. В ходе встречи состоялся обмен мнениями по вопросам сотрудничества между Германией и странами Центральной Азии, развития социального диалога и роли социальных партнеров.

Данный визит был организован по приглашению Центра обучения предпринимателей Германии (BWMV) в рамках программы «Социальное партнерство и трипартизм». В программе приняли участие представители организаций работодателей и профсоюзов Кыргызстана, Казахстана и Узбекистана.

#СоциальныйДиалог #СоциальноеПартнерство #Кыргызстан #Германия

Социалдык өнөктөштүк жана трипартизмГерманиянын Ишкерлерди Окутуу Борборунун (BWMV) чакыруусу менен уюштурулган «Социалд...
19/06/2026

Социалдык өнөктөштүк жана трипартизм

Германиянын Ишкерлерди Окутуу Борборунун (BWMV) чакыруусу менен уюштурулган «Социалдык өнөктөштүк жана трипартизм» программасына Бизнес Ассоциация JIA төрайымы Гульнара Сатыбалдиева баштаган топ жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Программанын алкагында Германиядагы иш берүүчүлөр ассоциацияларынын, профсоюздардын жана мамлекеттик институттардын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланып, социалдык диалогду өнүктүрүү боюнча практикалык тажрыйба менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Сапардын жүрүшүндө DGB Nord, NORDMETALL жана башка өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, Германиянын социалдык өнөктөштүк моделинин практикалык аспектилери талкууланды.

JIA төрайымы Гульнара Сатыбалдиеванын айтымында, социалдык диалог экономикалык өнүгүүнүн, туруктуу эмгек мамилелеринин жана жагымдуу ишкердик чөйрөнү калыптандыруунун маанилүү куралы болуп саналат. «Иш берүүчүлөрдүн, кызматкерлердин жана мамлекеттин ортосундагы конструктивдүү кызматташтык өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири», — деп белгиледи ал.

Бизнес Ассоциация JIA Кыргызстанда социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана профсоюздар менен натыйжалуу кызматташууну бекемдөө багытындагы иштерин улантат. Программаны уюштурган Германиянын Ишкерлерди Окутуу Борборуна (BWMV) жана бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз.

#СоциалдыкДиалог #СоциалдыкӨнөктөштүк #Кыргызстан #Германия

12 июня Бизнес Ассоциация JIA в лице Azzambek Jeenbai Uulu и Сеульская международная организация дружбы (SIFO), представ...
19/06/2026

12 июня Бизнес Ассоциация JIA в лице Azzambek Jeenbai Uulu и Сеульская международная организация дружбы (SIFO), представленная в Кыргызстане через FabLab Bishkek в лице Joo Serena подписали Меморандум о сотрудничестве.

Данное партнерство открывает новые возможности для развития инноваций, инженерного образования, цифрового производства и технологического предпринимательства в Кыргызстане.

Уверены, что объединение усилий бизнеса, образовательного сообщества и международных партнеров станет важным вкладом в развитие человеческого капитала и технологий в Кыргызстане.

Эл аралык эмгек конференциясына (ILC 2026) Кыргыз Республикасы үч тараптуу делегация менен катышууда.Эл аралык эмгек уюм...
09/06/2026

Эл аралык эмгек конференциясына (ILC 2026) Кыргыз Республикасы үч тараптуу делегация менен катышууда.

Эл аралык эмгек уюмунун негизги принциптеринин бири болгон трипартизмге ылайык, улуттук делегациянын курамына өкмөттүн, иш берүүчүлөрдүн жана профсоюздардын өкүлдөрү кирет. Мындай формат эмгек мамилелерине байланышкан маселелерди бардык тараптардын катышуусу менен талкуулоого жана тең салмактуу чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын делегациясынын курамында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандын Профсоюздар федерациясы жана Бизнес Ассоциация JIA катышууда.

Бизнес Ассоциация JIA жумуш берүүчүлөр тараптын өкүлү катары өлкөдөгү бизнес коомчулугунун кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө жана социалдык диалогду өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.

🤝 Өкмөт, бизнес жана профсоюздардын конструктивдүү кызматташуусу туруктуу экономикалык өнүгүүнүн жана натыйжалуу социалдык өнөктөштүктүн негизи болуп саналат.

Бизнес Ассоциация JIA Башкаруу Кеңешинин төрайымы Гульнара Сатыбалдиева жана Аткаруучу директор Azzambek Jeenbai Uulu Эл...
07/06/2026

Бизнес Ассоциация JIA Башкаруу Кеңешинин төрайымы Гульнара Сатыбалдиева жана Аткаруучу директор Azzambek Jeenbai Uulu Эл аралык иш берүүчүлөр уюмунун (IOE) Башкы катчысы Роберто Суарес Сантос (Roberto Suárez Santos) менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө JIA'нын учурдагы ишмердүүлүгү, Кыргызстандын иш берүүчүлөрүнүн алдында турган артыкчылыктуу маселелер, социалдык диалогду өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар иш берүүчүлөрдүн уюмдарынын ролун күчөтүү, бизнес коомчулугунун кызыкчылыктарын натыйжалуу көрсөтүү жана Борбор Азиядагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Бизнес Ассоциация JIA 2019-жылдан бери IOEнин мүчөсү болуп саналат жана эл аралык деңгээлде кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча кызматташтыкты улантууда.

Эл аралык эмгек конференциясынын (ILC 2026) алкагында Бизнес Ассоциация JIA Аткаруучу директору Azzambek Jeenbai Uulu Эл...
06/06/2026

Эл аралык эмгек конференциясынын (ILC 2026) алкагында Бизнес Ассоциация JIA Аткаруучу директору Azzambek Jeenbai Uulu Эл аралык иш берүүчүлөр уюмунун (IOE) Башкы кеңешинин жыйынына катышты.

IOE дүйнөдөгү эң ири иш берүүчүлөр тармагы болуп саналат жана 150дөн ашуун өлкөдөгү бизнес жана иш берүүчүлөр уюмдарын бириктирет. Уюм Эл аралык эмгек уюму (ILO), БУУ жана башка эл аралык институттар алдында бизнес коомчулугунун кызыкчылыктарын коргойт.

Жыйындын жүрүшүндө дүйнөлүк экономикадагы учурдагы чакырыктар, социалдык диалог, эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, ошондой эле иш берүүчүлөр уюмдарынын көз карандысыздыгын жана өкүлчүлүгүн камсыздоо маселелери талкууланды.

Бизнес Ассоциация JIA 2019-жылдан бери IOEнин мүчөсү болуп саналат жана эл аралык деңгээлде кыргызстандык ишкерлердин кызыкчылыктарын илгерилетүүгө активдүү катышып келет.

Эл аралык эмгек конференциясынын (ILC 2026) алкагында Бизнес Ассоциация JIA Башкаруу Кеңешинин төрайымы Гульнара Сатыбал...
05/06/2026

Эл аралык эмгек конференциясынын (ILC 2026) алкагында Бизнес Ассоциация JIA Башкаруу Кеңешинин төрайымы Гульнара Сатыбалдиева Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында Эл аралык эмгек уюмунун (International Labour Organization) жетекчилиги менен бир катар жолугушууларга катышты.

Анын ичинде Эл аралык эмгек уюмунун Башкы директору Жильбер Унгбо, Башкы директордун аппаратынын жетекчиси Беате Андреес, Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директор Питер ван Роой жана анын командасы менен жолугушуулар өттү.

Талкуулардын жүрүшүндө Кыргызстандагы социалдык диалогду өнүктүрүү, жумуш берүүчүлөрдүн уюмдарынын ролун күчөтүү, эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.

JIA жумуш берүүчүлөр тараптын өкүлү катары бизнес коомчулугунун кызыкчылыктарын илгерилетүүгө жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган эл аралык диалогго активдүү катышууну улантууда.

Бизнес Ассоциация JIA Башкаруу Кеңешинин төрайымы Гульнара Сатыбалдиева жана Аткаруучу директор Azzambek Jeenbai Uulu Же...
04/06/2026

Бизнес Ассоциация JIA Башкаруу Кеңешинин төрайымы Гульнара Сатыбалдиева жана Аткаруучу директор Azzambek Jeenbai Uulu Женева шаарында өтүп жаткан Эл аралык эмгек конференциясына (ILC 2026) катышууда.

Эл аралык эмгек конференциясы (ILC) Эл аралык эмгек уюмунун (ILO) эң жогорку аянтчасы болуп саналат. Жыл сайын ага дүйнөнүн 180ден ашуун өлкөсүнөн өкмөттөрдүн, иш берүүчүлөрдүн жана профсоюздардын өкүлдөрү катышып, эмгек рыногу, социалдык диалог, иш менен камсыз кылуу, эмгек стандарттары жана экономикалык өнүгүү маселелерин талкуулашат.

Кыргызстанда социалдык диалог өкмөт, иш берүүчүлөр жана профсоюздар ортосундагы кызматташтык аркылуу жүргүзүлөт. Бизнес Ассоциация JIA жумуш берүүчүлөр тараптын өкүлү катары үч тараптуу Башкы келишимдин катышуучусу болуп саналат жана өлкөдөгү социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.

Конференциянын алкагында Эл аралык эмгек уюмунун, Эл аралык иш берүүчүлөр уюмунун (IOE) жетекчилиги жана башка эл аралык өнөктөштөр менен бир катар жолугушуулар пландалган.

Алдыдагы күндөрү жолугушуулардын жыйынтыктары жана негизги талкуулар тууралуу маалыматтарды бөлүшүп турабыз.

Address

ул, Максима Горького 1/2 « Технопарк»
Bishkek
720011

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00
Saturday 10:00 - 14:00

Telephone

+996312883527

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Бизнес Ассоциация JIA posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Бизнес Ассоциация JIA:

Shortcuts

Share