15/10/2021
Поздравляем наших коллег и партнеров! Желаем Вам больших проектов, успехов и благополучия! Агентство развития и инвестирования сообществ
Урматтуу кесиптештер!
2021-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун түзүлгөндүгүнө 18 жыл толуп олтурат.
АРИСтин эрезеге жетиши, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына дал келүүдө. Эгемендүүлүк мезгилинде түзүлгөн АРИС, нечендеген жарандарыбыздын социалдык жашоосун жакшыртууга бүгүнкү күнгө чейин өз салымын кошууда жана кошо берет деген ишеничтемин!
Албетте, бул ийгиликтер бардыгыбыздын бирдиктүү жана туруктуу, талыкпас эмгегибиздин аркасы менен аткарылып келе жаткандыгын сыймыктануу менен белгилейм! Ошондой эле, дээрлик ар бир жылы биздин агенттик жаңы долбоорлорду ишке киргизип келет.
Он сегиз жыл аралыгында долбоорлорду ишке ашырууда, эмне деген сыноолорго туш болбодук. Бирок, ар кандай кырдаалдарга карабастан, элибизге зарыл болгон таза суудан тартып социалдык, инфраструктуралык жана айыл чарба долбоорлору татыктуу деңгээлде аткарылып, жыйынтыгында элдин ыраазычылыгына, кубанычы жана далай ирет ак батасына жетише алдык.
18 жыл бою эмгектенген жамаатыбыз жогорку кесипкөйлүгү, кеменгерлиги, ачык-айкындуулугу жана албетте, ынтымактуулугу менен өзгөчөлөнүп келет.
Мындан ары дагы мамлекетибиздин социалдык-экономикалык долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу жана жергиликтүү коомчулуктун потенциалын жогорулатуу, жакынкы келечекте АРИСти эл аралык дэңээлге чыгаруу үчүн талыкпай эмгек кыла берүүбүз максатка ылайыктуу деп эсептейм.
Сиздердин эмгегиңиздерге дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирүү менен, баарыңыздарга аманчылык, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Эл үчүн аткарылып жаткан иштериңиздер дайыма ийгилик жана жетишкендиктер менен коштолсун!
Өлкөбүз мындан ары дагы тынчтыкта жана бейкутчулукта өнүгө берсин!
Майрамыңыздар менен!
Кыргыз Республикасынын
коомчулукту өнүктүрүү жана
инвестициялоо агентствосунун
Аткаруучу директору
Б.Т. Супаналиев