19/05/2023
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө Департаменти «Дуваташ» компаниясынын каржылык колдоосу астында «Дени сак үй-бүлө» долбоорунун алкагында мите курттардын жайылуусун алдын алуу боюнча борбор калаада семинар өткөрдү.
🔹Семинарга Чүй, Талас жана Нарын облусунун мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучулары катышты.
🔹Республикада мите курттар менен көбүнчө 14 жашка чейинки балдардын 70-75% бул оору менен жабыркайт. Жылына 25 миң бала мите курт менен оорусу аныкталат.
🔹Мите курт ооруларынын белгилери
✔️Ич өтүү же ич катуу сыяктуу ичеги карындын иштешинин бузулушу, будур, кычыткы, тактар пайда болушу. Жөтөл пайда болуп, денеси ысып, башы ооруп, алсызданып, табити жоголуп, ичи оорушу мумкун. Нерв системасы бузулушу мумкун: кыжырдануу, туталануу, конул буруусунун жана эс тутумунун начарлашы, тарамышы тырышуу жана эс учун жоготуу кездешет. Жогоруда аталган белгилер пайда болгон учурларда дарыгерге кайрылуу зарыл.
⁉️Мите курт ооруларынын негизги жугуу себептери
🔹Уй шартындагы даарыланбаган жаныбарлар менен балдардын тыгыз байланышта болуусу;
🔹Итти сылап-сыйпоо, тамак тандыруу жана тегерегин тазалоо учурунда.
🔹Андан сырткары калк арасында мите курт ооруларынын организмге тийгизген зыяндуулугу жөнүндө түшүнүктүн аз экендиги
🔹Калктын социалдык жашоо шартынын төмөндүгү мите курттардын түздөн-түз таркалышына, жугушуна өбөлгө түзүүдө.
⁉️Мите курт ооруларынан кантип сактануу керек?
🔹Мите курт ооруларынан сактануунун эн негизгиси ооруну алдын алуу.
🔹Жеке жана коомдук гигиенаны сактоо, санитардык гигиеналык эрежелерди так аткаруу.
🔹Оорунун негизги себеби – кир колдон болгондуктан баланы кичинесинен тартып тамак ичээр алдында, мал карагандан, мектептен, дааратканадан жана сырттан ойноп келгенден кийин ар дайым колдорун самындап жууганга көндүрүү керек.